super.kg logo

Украинадагы жаңжалда роботтор барган сайын кеңири колдонулууда

 

Украинадагы куралдуу жаңжалда жер үстүндөгү роботтордун колдонулушу барган сайын күчөп, бул согуш жүргүзүү ыкмаларында жаңы этапты жаратып жатканын The New York Times басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, буга чейин учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) согуштун тактикасын түп-тамырынан өзгөрткөн болсо, эми жер үстүндөгү роботтор да «байкалбаган революциянын» бир бөлүгүнө айланууда.

Маалыматта айтылгандай, мындай роботтук бөлүктөр ай сайын миңдеген тапшырмаларды аткарып, азык-түлүк жана ок-дары жеткирүүдө, жарадарларды эвакуациялоодо, миналарды орнотууда жана барган сайын позицияларды кармоодо колдонулууда.

Ошол эле учурда Орусиянын Коргоо министрлиги атайын аскердик операциянын жүрүшүндө Украина тарап колдонгон жер үстүндөгү роботтук комплекстер жок кылынганын байма-бай билдирип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: