Том Круз дүйнө чемпиондугунун жабылыш аземине катышат
Америкалык белгилүү актёр Том Круз 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун жабылыш аземине катышат. Бул тууралуу маалымат ФИФАнын сайтына жайгаштырылды.
Жабылыш аземи 19-июлда АКШнын Нью-Жерси штатындагы “Метлайф” стадионунда финалдык беттештин алдында өтөт.
Иш-чарага ошондой эле ырчылар Лаура Паузини, Николь Шерзингер, Робби Уильямс жана блогер IShowSpeed катышары айтылууда.
Оскар, Эмми, Грэмми жана Тони сыйлыктарынын ээси Женнифер Хадсон АКШнын гимнин аткарат.
Буга чейин финалдык беттештин тыныгуусунда Шакира, Мадонна, Жастин Бибер жана BTS тобу өнөр көрсөтөрү кабарланган.
2026-жылкы дүйнө чемпиондугунун жарым финалында Испания — Франция жана Аргентина — Англия курамалары беттешет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















