Латвия орус тилинен баш тартабы?
Латвиянын маданият министри Наурис Пунтулис өлкөнүн маалымат каражаттарында жана маданият мекемелеринде орус тилин колдонуудан баш тартууну сунуштады. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Министр парламенттин адам укуктары жана коомдук иштер боюнча комитетинин жыйынында: "Бизде, көз карандысыз европалык улуттук мамлекетте орус тилиндеги мазмундун болушуна эч кандай негиз жок. Айрыкча азыркы аскердик кырдаалда. Ал таптакыр жок болушу керек",-деп билдирди.
Пунтулистин айтымында, Латвияда орус тилиндеги маалыматтык мазмундун көлөмүн азайтуу керек. Буга чейин ал Маданият министрлигине караштуу мекемелерде орус тилин колдонууну токтотуу боюнча буйрук берген. Талаптар 30-июлга чейин аткарылышы керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















