Трамп жарыялаган сүрөт талкуу жаратты: Украина кайда?
Бүгүн, 15-июлда АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social баракчасына дүйнө лидерлери тартылган коллаж жарыялап, анда Украинанын картасынын ордуна АКШнын аймактык дооматтары (ред.: Трамптын Канаданы АКШнын 51-штаты кылып алуу билдирүүсү) көрсөтүлгөн Түндүк Американын картасы коюлган. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сүрөт 2025-жылдын августунда Вашингтондо Украинанын президенти Владимир Зеленский жана бир катар европалык лидерлер катышкан жолугушууда тартылган кадрдын негизинде өзгөртүлгөн. Түп нускада столдун жанында Украинанын картасы турганы айтылат.
Трамп бул билдирүүсүнө эч кандай түшүндүрмө жазган эмес. Буга чейин ал өзүн Жерди көтөрүп турган атланттын образында көрсөткөн сүрөттү жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















