super.kg logo

Эрдоган: "15-июлдагы каршылык дүйнөлүк демократия тарыхында теңдеши жок окуя"

 

Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган 2016-жылдын 15-июлундагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинин 10 жылдыгына карата кайрылуу жасап, ал түнү түрк эли көрсөткөн каршылык дүйнөлүк демократия тарыхында теңдеши жок окуя болгонун белгиледи.

Президенттин айтымында, Фетуллахчы террордук уюм (FETÖ) уюштурган төңкөрүш аракети кадимки бийликти басып алуу эмес, өлкөнүн көз карандысыздыгына жана демократиялык түзүлүшүнө каршы жасалган басып алуу аракети болгон. Төңкөрүшчүлөрдүн негизги буталары Президенттик сарай жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйыны болгон.

Эрдоган ошол түнү көчөгө чыгып, мамлекеттик бийликти жана демократияны коргогон жарандардын эрдигин өзгөчө белгилеп, алардын чечкиндүүлүгү менен өлкөдө улуттук эрк жеңишке жеткенин айтты.

Анын айтымында, төңкөрүш аракетинен кийин мамлекеттик түзүмдөрдө кеңири реформалар жүргүзүлүп, демократиялык системага коркунуч жаратышы мүмкүн болгон түзүмдөр жоюлган. Ошондой эле терроризмге каршы күрөш күчөтүлүп, өлкө ичинде жана анын чегинен тышкары бир катар операциялар ийгиликтүү ишке ашырылган.

Президент акыркы он жыл ичинде Түркия энергетика, транспорт, саламаттык сактоо, айыл чарба, технология жана коргонуу өнөр жайы тармактарында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгиледи. Ал "Улуттук технологиялык демилгенин" алкагында TOGG электр унаасы, KAAN улуттук согуштук учагы, улуттук корветтер жана учкучсуз учуучу аппараттар сыяктуу долбоорлор ишке ашырылганын мисал келтирди.

Мындан тышкары, Эрдоган акыркы жылдары Түркия аймактык жана дүйнөлүк деңгээлдеги кризистерди жөнгө салууда активдүү роль ойноп жатканын айтып, өлкө адилеттүүлүккө жана эл аралык укукка негизделген саясатты карманарын белгиледи.

Ошондой эле ал терроризмге каршы күрөш эл аралык кызматташууну талап кыларын белгилеп, айрым мамлекеттер дагы эле ФЕТО уюмунун мүчөлөрүнө башпаанек берип жатканын сынга алды. Президент эл аралык коомчулукту Түркиянын терроризмге каршы күрөшүнө колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Эске салсак, 2016-жылдын 15-июлунда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болгон. Расмий маалыматка ылайык, анын кесепетинен 253 адам каза болуп, миңдеген жаран жаракат алган. Түркия бийлиги бул аракет үчүн Фетуллахчы террордук уюмду (FETÖ) жооптуу деп эсептеп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: