super.kg logo

АКШ Иранга каршы кошумча санкцияларды киргизди

 

АКШ Иранга каршы кошумча санкцияларды киргизди. АКШнын Каржы министрлиги билдиргендей, санкциялардын тизмесине 24 компания, 20 кеме жана 10 жеке адам киргизилди.

Чектөөгө алынган компаниялардын көбү деңиз аркылуу жүк ташуу тармагында иш алып барышат. Санкция салынган кемелердин арасында контейнер ташуучу кемелер жана химиялык заттарды ташыган танкерлер бар.

Мекеме жаңы санкциялар мыйзамсыз жүк ташуу тармагын бузууга жана ирандык ишкер Мохаммад Хоссейн Шамхани уюштурган санкцияларды айланып өтүү схемаларына бөгөт коюуга багытталганын белгилеген.

Маалыматка караганда, буга байланыштуу АКШ буга чейин 200дөн ашуун жеке адамга, уюмга жана кемеге санкция салган. Жаңыланган тизмеде Ирандын, Орусиянын, Даниянын, Италиянын, Индиянын жана Улуу Британиянын жарандары бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: