50 миллион долларга сатылган тираннозавр
Кечээ, 14-июлда АКШдагы Sotheby’s аукционунда тираннозаврдын эң ири жана жакшы сакталган скелеттеринин бири рекорддук 50,13 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар билдиришти.
“Гас” деп аталган скелеттин узундугу 11,5 метр, бийиктиги 3,8 метрди түзөт. Анын жашы болжол менен 67 миллион жыл деп бааланат. Табылгада 183 даана сөөк бөлүгү сакталып калган.
Бул динозаврдын калдыктарын сатуу боюнча жаңы рекорд болуп калды. Бирок окумуштуулар мындай баалуу табылгалар жеке коллекцияларга өтүп, илимий изилдөөлөр үчүн жеткиликсиз болуп калышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















