"Сыйкырчынын чатыры" анимеси ислам маданиятына болгон өзгөчө мамилеси менен көрүүчүлөрдү багынтты
Science SARU тарткан жаңы "Сыйкырчынын чатыры", (Шатёр чародея) анимеси интернетте бат тарап, мусулман коомчулугунун да оң пикирлерине ээ болду.
Сюжет XIII кылымдагы Монгол империясынын доорунда, Улуу Жибек жолунун боюнда өтөт. Башкы каарман Ситара — Персиядан чыккан жаш кыз. Ал окумуштуу Фатиманын үй-бүлөсүндө тарбияланып, билим алат. Бирок монголдордун жортуулу анын жашоосун өзгөртүп, туткунга түшөт. Ситара акылы жана билими менен аман калууга аракет кылып, хан сарайындагы тарыхый окуяларга аралашат.
Аталган аниме быйылкы жылдын 4-июлунда көрүүчүлөргө сунушталган. Учурда биринчи сезондун 3-сериясы чыгып, жалпы 12-сериядан тураары күтүлүүдө.
Көрүүчүлөр анимеде ислам маданияты стереотипсиз жана урматтоо менен көрсөтүлгөнүн белгилешүүдө. Каармандардын жабык, эстетикалык образы, фансервистин жоктугу жана салттардын окуяга табигый кошулушу өзгөчө бааланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















