super.kg logo

Японияда 77 жаштагы актёр жөө жүргүнчүнү сүзүп, жоопкерчиликке тартылды

 

Бүгүн, 15-июлда чет өлкөлүк маалымат каражаттары Японияда белгилүү актёр жол кырсыгына кабылганы тууралуу билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 14-июлга караган түнү Токионун Синдзюку районунда болгон. 77 жаштагы кабуки театрынын актёру Кандзабуро Накамура (чыныгы аты Хирофуми Като) унаасы менен бара жатып, жолдон өтүп бара жаткан аялды сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган.

Аял унаанын сүрөтүн тартып алып, полицияга кайрылган. Дарыгерлер анын сол таманы жеңил жаракат алганын аныкташкан.

Актёр күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып: "Мен аны сүзүп алганымды билем, бирок жаракат келтире тургандай күчтүү сокку болду деп ойлогон эмесмин",- деп айткан.

Ага жол кырсыгы болгон жерден кетип калганы боюнча айып тагылды. Япониянын мыйзамдарына ылайык, ал ири айып пулга же 10 жылга чейин эркинен ажыратууга дуушар болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: