super.kg logo

Латвиядагы орус тилин чектөө сунушуна Кремль жооп кайтарды

 

Бүгүн, 15-июлда Кремль Латвиянын мамлекеттик медиасында орус тилин колдонууга мындан ары чектөө киргизүү сунуштарын сынга алды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат агенттиктери кабарлады.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Латвия бийлигинин демилгесин сындап, мындай чаралар көптөгөн тургундардын укуктарына таасир этерин билдирди.

"Муну айыптабай коюуга болбойт, анткени өлкөнүн көп сандаган жашоочуларынын укуктары бузулууда", - деди Песков.

Анын айтымында, Латвиядагы бийликтин "орус жана орус тилдүүлөрдүн баарына болгон жек көрүүсү" туруктуу көрүнүш болуп калды.

Буга чейин Латвия Сейминин Адам укуктары жана коомдук иштер боюнча комитети мамлекеттик медиадагы орус тилдүү контентти мындан ары чектөө боюнча сунуштарды колдогон. Маданият министри Наурис Пунтулис азыркы аскердик кырдаалда мамлекеттик медиада орус тилиндеги материалдардын болушуна негиз жок экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: