АКШнын мунай запастары өткөн аптада 1,69 миллион баррелге азайды
АКШнын коммерциялык мунай запастары өткөн аптада 1,693 миллион баррелге азайып, 409,7 миллион баррелди түздү. Бул тууралуу АКШнын Энергетика министрлигинин баяндамасына таянып чет элдик басылмалар жазышты.
Билдирүүдө айтылгандай, өткөн жумада бензиндин товардык запастары 1,533 миллион баррелге кыскарган. Ал эми дизель майы жана башка күйүүчү майлардын запастары 4,556 миллион баррелге көбөйгөн.
"Trading Economics" маалыматына ылайык, талдоочулар орточо эсеп менен мунай запастары 2,6 миллион баррелге, бензин запастары 800 миң баррелге азаят деп божомолдошкон. Ошондой эле дизель майы жана башка күйүүчү майлардын запастары 100 миң баррелге өсөт деп күтүшкөн.
Нью-Йорк товардык биржасында сатылуучу мунай сакталган Кушинг терминалындагы запастар 430 миң баррелге көбөйгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















