Венесуэладагы жер титирөөдө курман болгондордун саны айтылды
Венесуэлада июнь айындагы жер титирөөлөрдөн каза болгон жарандардын саны 4 миң 829 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес Телеграм каналында маалымдады.
Расмий маалыматтарга ылайык, зилзаладан 16,7 адам жабыркап, 6,4 миң жаран куткарылган. Ошол эле убакта бийлик 128,3 миң үй-бүлөгө жардам көрсөткөн. 17,9 миң жаран үй-жайсыз калган. Ал эми убактылуу баш калкалоочу жайларга 20,8 миң адам жайгаштырылган.
Өкмөттүн отчётуна ылайык, кырсыктан 856 имарат жабыркап, 190 имарат толугу менен урап калган. Кырсык болгон аймакта 2400 чет элдик куткаруучу, 30 900 өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери жана 31 300 ыктыярчы иштеп жатат.

Эске салсак, 24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ири жер титирөө катталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















