super.kg logo

АКШ Иранды көздөй бара жаткан танкерге сокку урду

 

Бүгүн, 16-июлда АКШнын Куралдуу күчтөрү Перс булуңунда Ирандын Харг аралын көздөй багыт алган бош мунай танкерине сокку урду. Бул тууралуу АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) билдирди.

Маалыматка ылайык, Кюрасаонун желеги алдында сүзүп бараткан танкер америкалык тараптын эскертүүлөрүнө баш ийген эмес. Андан соң АКШнын аскердик учагы танкердин түтүк бөлүгүнө Hellfire ракеталарын атып, кемени кыймылсыз абалга келтирген.

CENTCOM билдиргендей, АКШ 14-июлдан тартып Ирандын портторуна бара жаткан же андан чыккан кемелерге карата деңиз блокадасын кайра жандандырган. Блокада күчүнө кирген алгачкы суткада эки коммерциялык кеме багытын өзгөртүүгө аргасыз болуп, бирине күч колдонулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: