Алжирде балдар үйүндө чыккан өрттөн 10дон ашык адам каза болду
Алжирде балдар үйүндө өрт чыгып, анын кесепетинен 11 адам каза болду. Дагы 19 жаран ар түрдүү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Мындай маалыматты өлкөнүн улуттук радиосуна таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.
Трагедия Мохаммадия районунда катталган. Бийлик азырынча кырсыктан каза болгондордун жаш курагын жарыялай элек. Ал эми жарандык коргонуу кызматы издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.
Ал арада "Аль-Жазира" басылмасы өлкөнүн өкмөт башчысы Сифи Гриб өрттөн жабыркагандардан кабар алганын жазды.
Алжирде бир нече күндөн бери аномалдуу ысык аба ырайы өкүм сүрүүдө. Бир апта ичинде өлкөдө 1000дей өрт кырсыгы катталганы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















