super.kg logo

Испания менен Аргентина ДЧ-2026 финалында ойнойт — «Укмуш ТВдан» көргүлө

 

2026-жылдагы дүйнөлүк чемпионаттын чечилишине эки гана оюн калды. Франция менен Англия үчүнчү орун үчүн ат салышып, финалда Испания менен Аргентина курамалары беттешет. Колону ким алат, ал эми Дүйнөлүк кубокту ким көтөрөт? «Укмуш ТВ» тиркемесинде 2026 ДЧ-нын укмуштуудай аякталышын тосуп алгыла.

19-июлда 03:00дө Кыргызстан убактысы боюнча Франция — Англия матчы болот. Эки команда тең финалдык оюнга бир кадам калганда токтоп калышты: Франция Испанияга 0:2 эсебинде утулуп, Англия Аргентинага 1:2 эсебинде уттурду. Жана үчүнчү орун үчүн беттеш көбүнчө «жубатарлык финал» деп аталып жүрсө да, бул дүйнөнүн эң мыкты үч командасынын катарына кошулуп, подиумга чыгууга мүмкүнчүлүк.

20-июлда 01:00дө көптөн күткөн финал башталат: Испания Аргентинага каршы ойнойт. Испания курама командасы үчүн бул дүйнө чемпиону болууга экинчи мүмкүнчүлүк. Аргентиналыктар үчүн бул учурдагы чемпион наамын коргоп, төртүнчү жолу дүйнө кубогун жеңип алуу мүмкүнчүлүгү.

Финал эки башка муундун жана мүнөздүн символикалык жолугушуусу болот. Бир жагынан — 39 жаштагы Месси, футболдун бүтүндөй доорунун символуна айланган, экинчи жагынан — 19 жаштагы Ямаль, аны дүйнөлүк футболдун эң мыкты жаш таланттарынын бири деп аташууда. Аргентина курама командасынын тажрыйбасы, сабырдуулугу жана ийкемдүүлүгү Испания командасынын энергиясы, контролу жана күчтүүлүгүнө каршы. Бир нерсе айкын: бул беттеш легендарлуу болот!

Beeline'дын «Укмуш ТВ» тиркемеси 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын чечүүчү беттештерин реалдуу убакыт режиминде көрсөтөт. Көрүү смартфондордо, планшеттерде, компьютерлерде жана SMART TVда жеткиликтүү, ал эми бир аккаунт бир эле учурда беш түзмөккө чейин туташууга мүмкүндүк берет. Эфирди токтотуп, артка түрүп, беттештин эң кызыктуу учурларын кайрадан көрүүгө болот.

«Укмуш ТВга» биринчи жолу кошулганда 7 күнгө акысыз сыноо мөөнөтү иштейт. Андан кийин жазылуунун баасы суткасына 3 сомдон башталат. Beeline'дын кээ бир тарифтерине, мисалы, «Укмуш AI» жана «Чексиз Pro Max», «Укмуш ТВга» туруктуу акысыз мүмкүнчүлүк камтылган.

Татыктуу курама команданы колдоого даярсызбы? «Укмуш ТВ» тиркемесин App Store жана Google Play'ден жүктөп алыңыз, ыңгайлуу түзмөктү тандаңыз жана ДЧ-2026нын салтанаттуу финалын көрүңүз.

Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.

«Укмуш ТВ» кызматынын алкагындагы телеканалдар, мазмун жана контент «Стрим Плюс» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт (КР МАС №21-0482-КР лицензиясы).

КР МТжБМКсына караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР уруксаттамалары, КР СӨМүнө караштуу МБАнын №21-0482-КР уруксаттамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: