Конгодо эбола вирусунан каза болгондордун саны 800гө жакындап калды
Конгодо эбола вирусунан каза болгон жарандардын саны 796га жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Х социалдык тармагында билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, жалпы 2073 адам илдетти жуктуруп алган.
Эске салсак, май айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Борбордук Африкадагы эбола вирусунун жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Оорунун очогу өлкөнүн чыгышындагы Итури провинциясында катталган. Кийинчерээк вирус коңшулаш Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларына, ошондой эле Уганда аймагына тараган.
Эбола - өтө кооптуу вирустук инфекция болуп эсептелет. Бул вирус биринчи жолу 1976-жылы Африкада, Конго Демократиялык Республикасында жана Судан аймактарында катталган. Оорунун табигый булагы катары жарганаттар, маймылдар саналат. Вирус аталган жаныбарлар аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Ал эми адамдан адамга кан, дене суюктуктары же булганган буюмдар аркылуу жугат. Ошондуктан оорулуу адамга жакын байланышта болуу эң чоң коркунуч жаратат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















