"Үйдө жалгыз-2" тасмасындагы актриса Бренда Фрикер каза болду

Ирландиялык актриса, «Оскар» сыйлыгынын лауреаты Бренда Фрикер 81 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал «Үйдө жалгыз-2» жана «Менин сол бутум» ("My Left Foot") тасмаларындагы ролдору менен кеңири таанылган.
Бренда Фрикер дүйнөлүк көрүүчүлөргө көбүнчө 1992-жылы тартылган «Үйдө жалгыз-2» тасмасындагы көгүчкөндөрдү баккан үй-жайсыз аялдын ролу аркылуу белгилүү болгон.
Актриса 1990-жылы "Менин сол бутум" тасмасындагы ролу үчүн экинчи пландагы мыкты аял ролу номинациясында «Оскар» сыйлыгына татыган. Ал тасмада башкы каарман Кристи Браундун апасы Бриджет Браундун образын аткарган.
Бренда Фрикер ирландиялык актрисалардын ичинен биринчи болуп «Оскар» алган актриса катары тарыхта калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2026-07-27
9:25
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















