super.kg logo

БАЭ АКШ менен Иранды жаңжалды токтотууга чакырды

 

Бириккен Араб Эмираттары Жакынкы Чыгыштагы соңку окуяларга тынчсыздануусун билдирип, чыңалуунун курчушун токтотууга чакырды. Бул тууралуу БАЭнин Тышкы иштер министрлигине таянып чет элдик басылмалар жазышты.

"БАЭ оор кесепеттерге жол бербөө жана туруксуздуктун жаңы деңгээлине түртүп жибербөө үчүн бардык тараптарды мүмкүн болушунча сабырдуулукка чакырат", — деп айтылат өлкөнүн ТИМинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле БАЭ бийлиги АКШ менен Иранды бардык аскердик аракеттерди токтотуп, кайрадан сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды.

Мындан тышкары билдирүүдө Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин эркин жана коопсуз өтүшү дүйнөлүк экономика үчүн өтө маанилүү экени белгиленген.

Эске салсак, 18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктамак.

24-июнда АКШ менен Ирандын ортосунда кыска мөөнөткө токтотулган техникалык сүйлөшүүлөр кийинки жумада кайра жанданары маалымдалган. Тараптардын сүйлөшүүлөрү Пакистан менен Катардын ортомчулугу алдында өтүп жаткан.

Бирок июнь айынын аягында АКШ менен Иран бири-бирине маал-маалы менен сокку уруп, аймакта чыңалуу күчөгөн.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: