super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна 100 жыл: 2030-жылы оюндар кайсы өлкөлөрдө өтөт?

 

2030-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу өзгөчө форматта уюштурулат. Бул жолу мелдешти алты өлкө биргелешип өткөрөт.

Дүйнө чемпиондугунун негизги оюндары Испания, Португалия жана Мароккодо болот. Ал эми турнирдин алгачкы үч беттеши Уругвай, Аргентина жана Парагвайда өткөрүлөт. Мындай чечим 1930-жылы өткөн биринчи Дүйнө чемпиондугунун 100 жылдыгына карата кабыл алынды.

Мелдеш 2030-жылдын 8-июнунда башталып, 21-июлунда жыйынтыкталат. Мелдештерге дүйнөнүн 48 улуттук курама командасы катышат.

Биринчи беттеш Уругвайдын борбору Монтевидеодогу тарыхый "Сентенарио" стадионунда өтөт. Дал ушул стадиондо 1930-жылы Дүйнө чемпиондугунун алгачкы финалы уюштурулган.

Азырынча финалдык беттеш кайсы стадиондо өтөрү расмий жарыялана элек. Башкы талапкерлер катары Испаниядагы "Сантьяго Бернабеу" жана "Камп Ноу" стадиондору, ошондой эле Мароккодогу жаңы "Хассан II" стадиону айтылууда.

Испания, Португалия, Марокко, Уругвай, Аргентина жана Парагвайдын курама командалары тандоо оюндарын өткөрбөстөн эле Дүйнө чемпиондугуна катышат.






Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна 100 жыл. 2030-жылы оюндар кайсы өлкөлөрдө өтөт?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: