Трамп Британияны "жакыр өлкө" деп атады
Бүгүн, 20-июлда АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британияны "жакырчылыкка кабылган өлкө" деп атап, Түндүк деңиздеги мунай кендерин иштетүүгө чакырды.
Трамп Truth Social тармагындагы билдирүүсүндө: "Бул - жер жүзүндөгү эң сапаттуу мунай булактарынын бири. Ал жерде жүздөгөн жылдарга жетчү запастар бар, ал эми көп бөлүгү дагы изилдене элек. Бул Улуу Британияны жакырчылыкка кабылган өлкөдөн дүйнөдөгү эң бай мамлекеттердин бирине айлантат",- деп жазды.
Ал Британиянын энергетикалык саясатын өзгөртүү, мунай өндүрүүнү жандандыруу өлкөнүн экономикасына пайда алып келерин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















