ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 20-июлдан 26-июлга чейин
КОЙ
(21.03–20.04)
Жылдыздар кой жылдызынын өкүлдөрүнө өзүнө ишенимдүү болуп, чечкиндүү кадам жасаганга кеңеш беришет. Дүйшөмбүдө сизди түшүнгөн, бир толкунда болгон адамдарды таап жагымдуу таң каласыз. Аптанын экинчи жарымы гардеробду жаңылоого, өзүңүзгө жарашкан кийим табууга абдан ылайыктуу. Түгөйүңүздүн жүрүм-турумунан шектенип, кызганычтын айынан чыр чыгаргандан алыс болуңуз, баары сиз ойлогондой эмес болуп чыгат. Апта соңу үйдө тынчтыкта эс аласыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Бул апта тобокелчилик кылууга, ошондой эле эмоция менен чечим чыгарууга ылайыктуу эмес. Тескерисинче, шашпастан, жети өлчөп бир кесип иш кылсаңыз жашооңуздун сапатын бир кыйла жакшыртууга шарт түзүлөт. Абайлаңыз, айланаңыздагы адамдардын бири сизди чыр-чатактуу ишке тартышы мүмкүн. Провакацияга алдырбаңыз. Шаршембиде акча менен иш алып барууда: банктык которуулар жана башка, кылдаттык менен текшериңиз, туура эмес сумма көрсөтүлүп калышы мүмкүн.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Бул апта эгиздерге бир топ эмоцияларды алып келет. Профессионалдык жаатта туруктуулук сакталат, ал эми жеке жашоодо, романтикалык багытта күтүүсүз ошол эле учурда жагымдуу сюрприздер орун алмакчы. Аптанын ортосунда моюнуңузга артылган жоопкерчиликтен өзүңүздү бийигирээк коюу сунушталат, башка бирөөнүн түйшүгүн кошо арткандан качыңыз. Ден соолукка, келбетке кам көрүү максатында фитнес, йога же сууда сүзүү менен алектенсеңиз жакшы.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Айдоочулар жолдо жүрүүдө өзүңүзгө да, өзгөлөргө да сак болуу керектелет, күтпөгөн жерден айып пул төлөп калышыңыз мүмкүн. Жумушта “эки коёндун” артынан куусаңыз экөөнөн тең кол жууп каласыз, андыктан бир жумушту бүтүргөндөн кийин гана экинчисин колго алыңыз. Үйдөгү жаш балдардын таттуу кылыктарына жүрөк элжиреп кубанасыз. Интернет желесине жеке жашооңуз менен бөлүшүп, сүрөт жүктөбөй туруңуз, көз-сөз тиет деген нерсе иштеп кетиши мүмкүн.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Амбициянын жогору болгону жакшы, бирок бул аптада эмес. Ашыкча эле алдыга чыгып, мен бүтүрөм, мен жасайм деп төш кага бербеңиз. Ишке ашпай калса маанайыңыз чөгүп, калыпка келүү процесси оор болот. Шейшемби-шаршемби күтүүсүз таанышуулар орун алышы ыктымал. Аптанын экинчи жарымында жумушту алмаштыруу, башка батирге көчүү сыяктуу өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн. Ишемби, жекшембиде позитивдүү адамдардын курчоосунда маанайыңыз жогору болмокчу.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бийкечтер үчүн апта дос-тааныштар менен активдүү баарлашуу менен башталып, жалгыздыкта тынч эс алуу каалоосу менен аякталат дешет жылдыздар. Аптанын башында жакшы идеяларыңыздын бирин ишке ашырууга ашыгасыз. Коркпой аракет кыла бериңиз, жыйынтыгы жакшы болот. Бойдоктор аптанын биринчи жарымында активдүү түгөй издөө иштерин жүргүзсө болот. Жүрөгү бош эместер түгөйү менен жалгыздыкта убакыт өткөргүсү келет, бирок аларга тоскоол болгондор бар.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Эртең жасайм, анан жасайм деп жылдырып келген үй жумуштарын колго албасаңыз болбой калды. Антпесе үйдөгүлөрдөн катуу жеме угасыз. Жумушта кесиптештер менен бир катарда акырындап аракет кыла бериңиз, негизгиси өзүңүздүн жумушуңузга так болуңуз. Кыз-жигит мамилесинде жүргөндөрдүн союзу достук менен аякталышы мүмкүн. Финансылык жагдай туруктуулукту сактап турат, кошумча каржы булагынан кошумча пайда түшүүсү күтүлөт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Айыл чарбада эмгектенгендер мөмө-жемиштерин сатып чөнтөктөрү калыңдайт. Пайданы пландалбаган ишке жумшоодон алыс болуп, сактап туруңуз, жакынкы аралыкта керек болот. Үйдү оңдоп-түзөө, актап-сырдоо жумуштарын бүтүрүп, таза үйгө кирип өзүңүзгө ыраазы болуп каласыз. Бойдокторду аптанын экинчи жарымында кызматтык романдын учкундары күтөт. Көптөн бери эңсеп келген эмгек өргүүсүнө чыгышыңыз мүмкүн, анан да жумушуңузду алмаштыруу ою жаралат.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Аптада майда, бирок маанилүү бир топ ишти бүтүрүүгө туура келет. Уюштуруучулук сапатыңызды жандырып, күтүүсүз өзгөрүүлөргө даяр болсоңуз эле маселе жаралбайт. Дүйшөмбүдө жакынкы пландарыңызга өзгөртүү киргизген кабар угушуңуз мүмкүн. Шаршембиде өзүңүздү чарчаңкы жана мотивациясы жок сезесиз. Өзүңүзгө кээде алсыз болууга, эс алууга мүмкүнчүлүк бергениңиз туура. Жекшемби бойдокторго тагдырга жазылган адамына жолугуусуна жакшы шарт түзүп берет, кармап калыңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Алдыңыздан кезиккен адам менен кечке сүйлөшүп, болгонун болгондой төгө берүүдөн карманыңыз. Андан көрө жасаган ишиңизге көбүрөөк көңүл буруп, канткенде өнүксөм болот деген суроонун үстүнөн иштөө пайда алып келет. Шейшембиде эч кимге сын айтпаганга аракет кылыңыз, конфликттин алдын алган болосуз. Бал тилге салып карыз сурап келгендерге ишенип акча бербеңиз, ала албай убара болосуз. Топтолгон стрессти чыгаруу үчүн тер төгө активдүү кыймылдаңыз.
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















