"Кальмар оюнундагы" актриса эсиңиздеби?
Кечээ, 19-июда Netflix'тин "Кальмар оюну" сериалындагы башкы каармандардын бири катары дүйнөгө таанылып, миллиондогон көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган түштүк кореялык актриса Чон Хо Ён футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалдык беттешинин алдындагы салтанаттуу аземге катышты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ал АКШдагы "МетЛайф" стадионуна испаниялык теннис жылдызы Карлос Алькарас менен бирге чыгып, Louis Vuitton бренди даярдаган атайын кутучаны ачып, анын ичиндеги Дүйнө чемпиондугунун башкы кубогун коомчулукка тааныштырды. Бул футболдогу эң башкы салтанаттуу учурлардын бири болуп эсептелет.
Чон Хо Ён бул иш-чарага Louis Vuitton компаниясынын дүйнөлүк элчиси катары чакырылган. Ошондой эле ал FIFA Дүйнө чемпиондугунун финалынын беттеш алдындагы расмий аземине катышкан алгачкы түштүк кореялык актриса болуп тарыхка кирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















