Эдинбургдагы белгилүү Артур тактысы күйүп кетти
Кечээ,19-июлда Шотландиянын Эдинбург шаарындагы тарыхый жайлардын бири болгон "Артурдун тактысы" дөңсөөсүндө өрт чыкты. Өрт өчүрүүчүлөр 2 күндөн бери Королдук Холируд паркындагы тилкеде иш алып барышууда. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кечинде чыгып, кургак аба ырайынан улам жалын бадал өскөн аймактарга тез жайылган. Өрт өчүрүүчүлөр негизги очокторду көзөмөлгө алышкан.
Азырынча жабыркагандар же тарыхый объектилерге зыян келгени тууралуу маалымат жок. Шотландиянын башка аймактарында да кургакчылыктан улам ири өрттөр менен күрөш жүрүп жатканы кабарланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















