super.kg logo

Манчестердин мурдагы мэри Энди Бернем Улуу Британиянын жаңы премьер-министри болду

 

Манчестердин мурдагы мэри Энди Бернем Улуу Британиянын премьер-министри болуп расмий дайындалды. Бул тууралуу Букингем сарайы билдирди.

Падыша Карл III Бернемди кабыл алып, ага жаңы өкмөттү түзүү милдетин тапшырды. 56 жаштагы Бернем мурда парламенттин депутаты жана Министрлер кабинетинин мүчөсү болгон. Акыркы жылдары Манчестердин мэри болуп иштеп келген.
Быйыл Лейбористтер партиясы жергиликтүү шайлоодо утулуп, мурдагы премьер-министр Кир Стармер кызматтан кеткенден кийин Бернем партиянын жаңы лидери болуп шайланган. Июнь айында парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, премьер-министрликке жол ачылган.Бернем жаңы өкмөттө партиянын бардык канаттарынын өкүлдөрү иштей турганын айтты. Анын айтымында, өкмөттүн негизги максаты – аймактарга көбүрөөк ыйгарым укук берүү жана өлкөнү башкарууну борбордон ажыратуу. Ошондой эле жаңы өкмөт Украинага колдоо көрсөтүү боюнча мурдагы саясатты улантары күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: