Эльбруста 11 жаштагы бала каза болуп, атасы оор жаракат алды
19-июлда Орусиянын Эльбрус тоосунда кайгылуу окуя болду. Тоого чыгуу учурунда 40 жаштагы эркек киши 11 жаштагы уулу менен 4200 метр бийиктиктен кулап кеткен. Бул туууралуу орусиялык маалымат каражаттары билдиришти.
Бала ошол жерден каза болуп, атасы оор жаракат алган. Аба ырайынын начардыгынан куткаруучулар аларды кийинки күнү гана эвакуациялашкан.
Маалыматка караганда, башка турист маршруттун кооптуу экенин эскерткенине карабай, ата-бала жолун улантышкан. Бул алардын Эльбруска экинчи жолу чыгуу аракети болгон.
Эльбруста 11 жаштагы бала каза болуп, атасы оор жаракат алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















