super.kg logo

Башкы прокуратура Чек ара кызматынын маалыматын төгүндөдү

 

Мамлекеттик чек ара кызматы Кыргыз-Тажик чек арасында кызмат кылган аскер адамы аткезчиликке көмөктөшкөн деген шек менен кармалганын кабарлаган. Анда кылмыш ишин андан ары текшерүү Баткен гарнизондук аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.

Деген менен Башкы пркуратура аталган факт боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдары жана атайын билдирүү мыйзамда белгиленген тартипте Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына келип түшпөгөнүн маалымдады.

Мекеме шектүү Лейлек чек ара отрядынын штаб башчысы-аскер бөлүгүнүн командиринин орун басары, подполковник экенин билдирди. Ал Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга, жүктөрдү үчүнчү өлкөлөргө аткезчилик жол менен өткөрүүнү уюштурууга, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө, ошондой эле ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: