super.kg logo
  Саясат  

Экономика министрлигинде товар өндүрүүчүлөр менен сатып өткөрүүчүлөргө тиешелүү мыйзам долбоору боюнча тегерек стол өттү

 

17-декабрда КРнын Экономика министрлигинде "КРдагы ички соода жөнүндөгү" КРнын мыйзамына өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү туурасындагы мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

 Мыйзам долбоорунда ички соодада болуп жаткан айрым маселелерди өз убагында ыкчам чечүү үчүн өкмөткө өзүнүн токтомдору менен жөнгө салуу укугу ыйгарылат. Ошондой эле соода түйүндөрүндө жардамга муктаж адамдар үчүн социалдык текчелерди уюштурууга мүмкүнчүлүк берет. Талкуунун жүрүшүндө бизнес ассоциациянын өкүлдөрү мыйзам долбооруна негизинен макул болушту. Алар бир гана мыйзам долбоорунун 8-беренесинин көзөмөлдүк кылуу, соода жайларынын иштөө режимин жөнгө салуу туурасындагы эки пункт боюнча "коррупцияга жол ачып коёт, укуктарыбыз бузулат" деген жүйө менен каршы пикирлерин билдиришти. Тегерек столдун жүрүшүндө айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Жогорку Кеңештин жыйынына чыгарылмакчы.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: