Конгодо эболадан каза болгондордун саны 930 адамга жетти
Конго Демократиялык Республикасында эбола вирусунун жаңы очогунан каза болгондордун саны 930 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянып, чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, 15-майдан бери өлкөдө эбола жуктурган 2344 учур лабораториялык жактан тастыкталган. Илдеттен каза болгондордун көрсөткүчү болжол менен 40 пайызды түзүүдө.
Оорунун эң көп учурлары Итури провинциясында катталууда. Адистер муну коопсуздук көйгөйлөрү жана оорулуулар менен байланышта болгондорду өз убагында аныктоодогу кыйынчылыктар менен түшүндүрүшүүдө.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, учурда Конгодо жайылып жаткан Bundibugyo түрүндөгү Эбола вирусуна каршы расмий бекитилген вакцина жок. Уюм ооруну эрте аныктоо жана бейтаптарды өз убагында дарылоо илдетке каршы күрөштөгү негизги чаралар экенин белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















