super.kg logo

Эми паспортко виза чапталбайт. Улуу Британия жаңы электрондук система киргизди

 

Улуу Британия визаларды берүүнүн жаңы тартибине өтүп, электрондук виза (eVisa) системасын негизги формат катары киргизди. Бул тууралуу өлкөнүн Орусиядагы элчилигинин нотасына таянып орус басылмалары жазышты.

Ага ылайык, 2026-жылдын июль айынан тарта жаңы кайрылган жарандардын паспортуна визалык чаптама (виньетка) чапталбайт. Анын ордуна виза тууралуу маалымат электрондук түрдө сакталат.

Электрондук виза өлкөгө кирүүгө же анда болууга уруксат берген санариптик документ болуп эсептелет. Виза тууралуу маалыматты UK Visas and Immigration (UKVI) системасындагы жеке кабинет аркылуу көрүүгө болот.

Ошол эле учурда буга чейин паспортко чапталган жана мөөнөтү бүтө элек визалар мурдагыдай эле жарактуу бойдон калып, мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: