Кыргызстан Кытайдан күйүүчү май ала баштады
Кечээ, 21-июлда Кытай Кыргызстандын бийлиги менен жетишилген келишимдердин негизинде күйүүчү-майлоочу майдын биринчи партиясын жөнөттү. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Министрдин айтымында, учурда жүктү жеткирүү боюнча логистикалык иштер жүрүп жатат. Күйүүчү май Кытайдан Кыргызстанга негизинен автотранспорт аркылуу ташылып жаткандыктан, жеткирүүгө убакыт талап кылынат. Биринчи партия өткөн жумада жөнөтүлгөн.
Рысбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга жүктүн тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилгенин белгилеген.
Ошондой эле министр Беларусь өлкөсүнөн күйүүчү май алуу боюнча иштер жүрүп жатканын жана Орусия аркылуу транзит маселеси чечилгенин билдирдирип, Өзбекстан жана Казакстан тараптан да оң жооптор алынганы кошумчалаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















