super.kg logo

Пентагон Иранга каршы аскердик операция АКШга 37,5 миллиард долларга түшөрүн билдирди

 

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Конгресстеги угууда Иранга каршы аскердик операциянын жалпы чыгымы 37,5 миллиард долларды түзөрүн билдирди.

Чет элдик басылмалар билдиргендей, бул сумма буга чейин сарпталган каражаттарды жана 30-сентябрга чейин күтүлүп жаткан чыгымдарды камтыйт.

Хегсет кошумча каржылоо болбосо, Пентагон аскер кызматкерлерин даярдоо программаларын кыскартууга аргасыз болорун айтып, 2027-жылга карата министрликтин бюджетин бекитүүгө чакырды. Пентагон бул үчүн 1,5 триллион доллар бөлүүнү өтүнүүдө.

Ошол эле учурда демократтар мындай чыгымдарды сынга алып, АКШ жаңы масштабдуу жаңжалга аралашып кетиши мүмкүн экенин эскертишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: