Бишкекте коомдук жайда заара ушатып кармалган чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат (видео)
Бишкекте коомдук жайда заара ушаткан чет элдик жаран шериктери менен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы билдирди.
Маалым болгондой, издөө иштеринин алкагында 1996-жылы туулган M.K., 1984-жылы туулган CH.SH. жана 1988-жылы туулган D.GU. аныкталып кармалды. Мындан тышкары, алардын бири коомдук жайда чылым чегип жаткандыгы да катталды.
Аларга карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) жана 83-беренеси (Чылымды белгиленбеген жайларда чегүү) боюнча протоколдор түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.
Тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин чет өлкөлүк жарандар өлкө аймагынан чыгарылат.
Бишкекте милиция коомдук жайда заара ушаткан чет элдиктерди кармады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















