super.kg logo

Беларус тышкы иштер министри Улуттук тарых музейине барды

 

Кечээ, 22-июлда Кыргыз Республикасындагы расмий сапарынын алкагында Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков расмий делегация менен Улуттук тарых музейине барды. Бул тууралуу Маданият маалымат жана жаштар саясаты министирлиги билдирди.

Меймандарды музейдин директору Назгүл Өмүрзакова тосуп алып, кыргыз элинин тарыхын, маданий мурасын жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган туруктуу экспозициялар менен тааныштырды.

Экскурсиянын жүрүшүндө делегация археологиялык табылгалар, этнографиялык коллекциялар, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы жана эгемендүү Кыргызстандын өнүгүүсүнө арналган көргөзмөлөр менен таанышты. Ошондой эле өлкөнүн тарыхындагы маанилүү окуялар, көрүнүктүү инсандар жана улуттук маданий мурастар тууралуу маалымат алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: