АКШ Ирандагы аскердик объекттерге сокку уруп, куткаруучу кемелер жабыркады
Бүгүн, 23-июлда АКШ Ирандагы аскердик объекттерге кезектеги соккуларды жасап, Хормозган провинциясынын акваториясындагы 2 издөө-куткаруу кемеси жабыркады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Хормозган провинциясынын порт башкармалыгы АКШнын соккусунан 2 издөө-куткаруу кемеси олуттуу зыян тартканын билдирген.
Ошол эле учурда АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандагы аскердик объекттерге карата соккулардын 12-толкуну аяктаганын маалымдаган. Анда аскер-деңиз инфраструктурасы, ракета жана учкучсуз учуучу аппараттар сакталган жайлар, жээктеги байкоо пункттары жана абадан коргонуу системдери бутага алынганы айтылган.
Иран буга чейин АКШны ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну бузду деп айыптап келген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















