super.kg logo

Индияда аялы күйөөсүн сари сатып бербегени үчүн өлтүрдү деп шектелүүдө

 

Индиянын Тхана шаарында 30 жаштагы аял күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-июлда күйөөсү аялы сураган сарини сатып алууну унутуп, үйгө куру кол келгенден улам уруш чыккан. Жубайлардын ортосунда жаңжал болуп, ал бара-бара мушташка айланган. Ошол учурда үйдө алардын 7 жаштагы баласы ата-энесинин ортосундагы жаңжалды көрүп, жардам сурап кошуналарга чуркап кеткен. Бирок кошуналары келгенде эркек каза болуп калган.

Тергөө маалыматтарына караганда, аял күйөөсүнө үйдөгү буюмдар менен кол салып, кийин аны муунтканы айтылууда. Аял алгач күйөөсү жүрөк оорусунан улам каза болгонун билдирген. Бирок полиция иликтөө жүргүзүп, өлүмдүн чыныгы жагдайларын аныктаган.

Аялга карата киши өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал 29-июлга чейин камакка алынды. Акыркы чечимди сот чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: