super.kg logo

MEGA эл аралык роумингдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, 5G тармагына жеткиликтүүлүктү камсыздады

 

Жайсаякаттын, жаңы таасирлердин жана унутулгус ачылыштардын мезгили. MEGA улуттук байланыш оператору Кыргызстандан тышкары жүргөндө да ашыкча түйшүксүз байланышта болууга мүмкүнчүлүк берген ыңгайлуу жана үнөмдүү роуминг шарттарын сунуштайт.

Эми MEGA абоненттери үчүн эл аралык роумингде 5Gтармагын колдонуу мүмкүнчүлүгү да жеткиликтүү. Эгер сиз барган өлкөдөгү өнөктөш оператор бешинчи муундагы тармакты колдосо, SIM-картаны алмаштырбастан жана кошумча жөндөөлөрдү киргизбестен жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернеттен пайдалана аласыз.

«Роуминг» кызматы акысыз кошулат. Аны активдештирүүүчүн балансыңызда кеминде 1 сом болгону жетиштүү.

Роуминг кызматын MegaPay мобилдик колдонмосу аркылуу бир нече мүнөттө кошуп алууга болот:

1. MegaPay колдонмосун ачыңыз (App Store жана GooglePlay'де жеткиликтүү);
2. «Кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз;
3. «Кошулган кызматтар» → «Роуминг» өтмөгүн тандаңыз;
4. Кызмат көрсөтүүнүн шарттары менен таанышып, «Кошуу» баскычын басыңыз.

Колдонуучулар үчүн 75тен ашык өлкөдө иштей турган атайын интернет-топтомдор да сунушталат:

1 ГБ900 сом (USSD-буйруусу: *108*1#);
2 ГБ1500 сом (USSD- буйруусу: *108*2#);
5 ГБ2500 сом (USSD- буйруусу: *108*5#).

Сапарга чыгар алдында бара турган өлкөдө роуминг кызматын көрсөтүүнүн шарттары менен алдын ала таанышып, өзүңүзгө ылайыктуу мобилдик интернет-топтомду тандоо сунушталат.

Саякатыңыз коңшу өлкөгө болобу же дүйнөнүн башка бурчуна болобу — MEGA менен бирге жакындарыңыз менен дайыма байланышта болуп, таасирлериңизди бөлүшүп жана көнүп калган санариптик сервистерди эчкандай чектөөсүз колдоно аласыз.

MEGA — ӨЗҮБҮЗДҮН байланышты танда!

КР МБА лицензиялары: № 14-1133-КР, № 18-0326-КР, № 18-0303-КР, № 15-1446-КР, № 16-0090-КР, № 18-0261-КР.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: