super.kg logo

Кыргызстан COP31ге даярдык боюнча эл аралык стратегиялык сессияга катышты

 

22–23-июлда Азербайжандын Шемаха шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында COP31 конференциясына даярдык көрүү боюнча стратегиялык сессия өттү. Иш-чарага катышуучу өлкөлөрдүн делегация башчылары жана эл аралык сүйлөшүү топторунун өкүлдөрү чогулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан президенттин Тоолуу аймактар боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова катышты.

Сессиянын жүрүшүндө климаттык каржылоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, зыяндуу газдардын бөлүнүшүн азайтуу, адилеттүү өтүү маселелери, ошондой эле 2026-жылдын ноябрында Түркиянын Анталия шаарында өтө турган COP31 конференциясынын күн тартиби талкууланды.

Катышуучулар өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн климаттык каржылоонун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, технологияларды өткөрүп берүү, мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу, ошондой эле тоолуу аймактардын климаттын өзгөрүшүнө болгон аялуулугу жана мөңгүлөрдүн эриши маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Иш-чаранын алкагында Динара Кемелова Пакистан менен Кениянын айлана-чөйрөнү коргоо министрлери жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушуп, эл аралык тоолуу аймактардын күн тартибин илгерилетүү жана өлкөлөрдү «Бишкек+25» Экинчи Глобалдык тоо саммитине тартуу маселелерин талкуулады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: