Бишкекте "Притон" рейди: Эки күндө 30 адам милицияга жеткирилди (видео)
Бишкек шаарында 22–31-июль күндөрү "Притон" аталышындагы профилактикалык рейд өтүп жатат.
Шаардык милициянын маалыматына ылайык, иш-чаранын максаты коомдук тартипти камсыз кылуу, сойкулукка жана аны уюштурууга байланышкан мыйзам бузуулардын алдын алуу, ошондой эле батирлерди, мейманканаларды жана башка жайларды текшерүү.
Рейддин алгачкы эки күнүндө Ленин райондук милициясынын тергөөгө кызматына 30 жаран жеткирилип, алардын 10уна карата "Сойкулук менен алектенүү" беренеси боюнча административдик протокол түзүлдү. Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык сотко жөнөтүлөт.
Милиция мындай профилактикалык иш-чаралар мындан ары да улантыларын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















