Жерлерди чет элдиктерге берип жатат деп митингге чакырган жаран кармалды
Бишкек шаардык милициясы социалдык тармактар аркылуу мыйзамсыз митинг уюштурууга чакырык жасаган жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери Threads социалдык тармагындагы аккаунттардын биринен 23-июлда "Ала-Тоо" аянтында мыйзамсыз митинг өткөрүүгө чакырыктарды аныкташкан. Билдирүүлөрдө ал Кыргызстандын жерлерин чет өлкөлүктөргө, анын ичинде Кытайга көп жылдык мөөнөткө ижарага берүү тууралуу маалыматтар жана ушул темада коомчулукту нааразычылык акциясына чакырган билдирүүлөр жарыяланган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктарга чакырык жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Натыйжада аккаунттун ээси катары 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Анын уюлдук телефондору жана ноутбугу алынган. Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















