Өзгөндө дүкөнчү аялга кол салууга шектелген жаран кармалды
Ош облусунун Өзгөн районунда сыра саткан жайдагы сатуучу аялга кол көтөргөн жаран кармалды.
Облустук милиция билдиргендей, ал 1996-жылы туулган Б.уулу Н. аттуу жаран экендиги аныкталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Буга чейин жабырлануучуга экспертиза дайындалып, манжаларынын бири сынгандыгы боюнча маалымат берилген. Ошондой эле бул факт боюнча кылмыш иши да козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















