Митингге чакырык жасаган дагы бир жаран кармалды

УКМК массалык баш аламандыкка ачык чакырык жасоого шектелген К.Н. аттуу 1984-жылы туулган жарандын кармалганын билдирди.
Тергөө маалыматына ылайык, ал Threads социалдык тармагында мыйзамсыз акцияларга, зомбулукка, өрт коюуга жана мүлктү жок кылууга үндөгөн билдирүүлөрдү жарыялап келген.
Тинтүү учурунда электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар алынган.
УКМКнын маалыматына караганда, К.Н. сурак учурунда аталган жарыяларга тиешеси бар экенин моюнуна алган. Учурда ал тергөө абагына киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.
Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле кармоолорду Бишкек шаардык милициясы жүргүзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















