super.kg logo

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 27-июлдан 2-августка чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Дипломатия жана дипломатия дегенди бул аптанын девизи кылып алыңыз. Сүйлөшүүлөр жолу аркылуу көп ийгиликке жетсе болот. Ал эми эмоционалдык “чайпалууга” алып келген жагдайлардан медитация, жакындар менен кеңешүү аркылуу чыгыңыз, депрессияга түшүп кетпей. Өзүңүздүн позициядан кайтпашыңыз керек, максат койдуңузбу, алга. Кыз-жигит мамиледе жүргөндөрдүн горизонтунда дагы бир адам пайда болуп, будуң-чаң түшүрүүсү мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Оюңузду өзгөрткөн ушактарга, башкалардын сөздөрүнө ишенбей, өз көзүңүз менен көргөнгө, фактыларга таянганыңыз оң. Болбосо жакын адамыңыз сизден алыстап кетет. Бул аптада жумушта ката кетирбөө үчүн болушунча активдүү болууга туура келет. Каржылык жактан кыжалат болгон жагдай жаралбайт. Романтикалык жаатта түгөйүңүздү шаштыра бербеңиз, убагы келгенде өзү кадам таштайт. Дем алыш күндөрү айыл чарба, бакча иштери менен алек болууңуз күтүлөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Аптанын биринчи жарымы сиз күткөндөй шыр жана ийгиликтүү өтөт. Бул күндөрү кандай ишти колго албаңыз жолуңуз болот. Ал эми аптанын экинчи жарымын олуттуу иштерге арнабай эле койгонуңуз оң. Бул күндөрү сизди акыл-эс эмес, эмоциялар башкарып калат. Анан да акчага байланыштуу тобокелдик талап кылган иштерден баш тартыңыз. Убакытты, фокусту үй-бүлөгө, тиричилик иштерине бурганыңыз оң. Анан да өзүңүзгө, келбетиңизге кам көргөндү унутпаңыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жетекчилик менен баарлашуудагы кыйынчылыктар өзүнөн-өзү пайда болбойт. Эки тарапты бири-бирине каршы коюу кимдир бирөөгө пайдалуу болуп жатышы мүмкүн. Бул аптада үйдө оңдоп-түзөө иштерин баштабай туруңуз, керектүү каражаттар кымбатка түшүүсү мүмкүн. Каржылык тармакты оңдоого сырттан бирөөнүн колдоосу талап кылынат. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине тиешелүү жакшы кабар угасыздар. Ал кабарды “майлоо” үчүн жакындар менен жолугушууңуздар ыктымал.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Иштегенге каалоо жок, мээ “ойгонбогондой” абалда болосуз. Андан көрө эч нерсени ойлонбой эс алуу, өткөндү эстеп ностальгия болуу сыяктуу нерселердин жетегинде кетесиз. Бирок иштеш керек, иштебесең тиштебейсиң дегенди унутпаңыз. Бойдоктордо романтикалык кызыктуу окуялардын болушу күтүлбөйт. Ал эми түгөйлүүлөрдүн мамилелеринде гармония орун алат. Апта соңу интригадан алыс болуңуз, ал үчүн көпчүлүккө кошулбай жалгыздыкта убакыт өткөрүү керек болот.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Эгер кесиптештериңизге сын такпай, баарынан кыйын экениңизди далилдей бербесеңиз, ийгилик кушун кармадым дей бериңиз. Карьералык тепкичтен көтөрүлүүңүз мүмкүн. Эч нерсе күтпөгөн туугандар кокустан колдоо көрсөтүп таң калтырышат. Көптөн бери тынчыңызды алган оору артка кайтып сүйүнөсүз. Ошентсе да өзүңүзгө кам көргөндү унутпаңыз. Апта аягы кымбат буюм же кийим сатып алуу каалооңуз күч алышы мүмкүн. Капчыгыңыз калың болсо, каалоону ишке ашырып коё бериңиз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Ойлонулбай сүйлөнгөн эки ооз сөз же билдирүү үй-бүлө мүчөлөрү ортосунда негативдүү маанай жаратышы мүмкүн. Андыктан ойносоңуз да, ойлонуп сүйлөгөнүңүз жакшы. Материалдык абал туруктуу бойдон сакталат. Жаңы смартфон, планшет же башка гаджет сатып алууңуз мүмкүн. Көптөн бери жете албай жүргөн эмгек өргүүсүнө чыгышыңыз күтүлөт. Эс алууну үйдө калуу планы менен чектеп салуу болбойт, аз күнгө болсо да саякаттап келиңиз, көлгө, тоого чыгыңыз.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Аптанын биринчи жарымында колдогу акчаны максатсыз чачууңуз мүмкүн. Кантсе да кымбат нерсе сатып алуудан качыңыз, бир аздан кийин эле анын пайдасы тийбей калышы мүмкүн, бирок финансы тармагына оорчулук келтирет. Жумушта тобокелдикке бара бериңиз, бул апта ийгилик ачкычы сиздин колдо. Аптанын экинчи жарымында алыс туугандар менен кезигүүңүз күтүлөт. Дем алыш күндөрү иштөөгө сунуш түшөт, баш тартууга мүмкүнчүлүк жок. Андыктан өзүңүзгө өзүңүз дем бериңиз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жаачылардын көптөн күткөн прайм-эрасы башталат. Өзүнө болгон баасы жогорулап, ыраазы болуу, сүйүү, шүгүр кылуу менен жашоолоруна ыраазы болмокчу. Жумушта айлык акысы да жогорулашы күтүлөт, жакшы идеяларыңыз жетекчиликке жакса, карьерадан жогорулоону үмүт кыла бериңиз. Жеке жашоодо туура эмес жолго салчу азгырыктардан баш тартыңыз, чала тааныш адамдар менен кечинде жолукпай туруңуз. Сүйүүдө экинчи тарапка бир аз баш ийип коюу ашыкча болбойт.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Интеллектуалдык талаш-тартыштын аягы бирин-бири күнөөлөөгө жеткириши мүмкүн. Сапарга чыксаңыз, кызыктуу окуялар күтүп турат. Бирөөгө устаттык кылып, билген тажрыйбаңыз менен бөлүшүүңүз ыктымал. Жумушта активдүүлүк күтүлбөйт, тескерисинче, тынч, жаңылыгы жок күндөр күтүп турат. Жеке жашоодо үйүңүзгө топурап келген кишилердин аягы үзүлбөй, бир аз жүдөтүшү мүмкүн. Бирок ошол эле адамдар убагы келгенде сизге биринчи колдоо көрсөтүшөт.


Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: