Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)
(Башы өткөн сандарда)
Элдар тууралуу канчалык көп билген сайын, аны жарык дүйнөгө алып келген апасын көргүм келди. Эмнегедир Илим менен Элдардын окшоштугу жөн жерден эмес деген ой көкүрөгүмдү эзе берди. Мен бул окшоштуктун сырын билбесем болбочудай ошол эшикти каккылай бердим. Эмнеге мындай кылганымды өзүм да билбейм, балким, Илимдин тагдырына бекер жолукпагандырмын. Менин да бир салымым бардыр. Ичимде биздин сүйүүбүз ушундай орто жерден бүтүп калышына макул боло албай жаттымбы. Айтор, билбейм, бирок бир күнү кайраттанып:
— Элдар, мен апаң менен таанышкым келет — дедим.
Ал бир азга унчукпай калды. Жүзү өзгөрүп, көздөрү алысты тиктеп кетти.
— Эмнеге күтүүсүз ушинтип каалап калдың? Биз жупуну жашайбыз, сени апама тааныштыргандан да тартынып турам. Апам пол жууп болсо да мени окутуп келе жатат. Мен деле окуудан кийин иштеп, жашоо-шартыбызды оңдоого аракет кылып жатам. Ошентсе да оңдолуп кете албадык — деди үшкүрүп.
— Мен деле хан сарайда төрөлгөн жокмун. Мени да сеникиндей жалгыз бой аял чоңойтту, билим берди.
- Сен чиновниктердин кызындай эле жүрөсүң. Көп тилди билесиң, спорт секцияларындасың.
- Болгону апам жакшы билим берди, бир топ тилди өздөштүрдүм. Спорт менин кайда барып эмне кыларымды билбей калганда жардамга келген нерсе. Өзүмдү унуткум келгенде спорт менен машыгам. Ой жүгүрткөнгө эч бир убактым калбасын деп иштейм. Чоң, кичине жумуш болобу баарына кете берем.
Элдар оор үшкүрдү.
— Сенде да мендей эле нерселер бар экен да. Макул, апама алып барам. Бирок апам көп жылдан бери ооруп жүрөт. Жүрөгү ооруйт.
Бул сөздү укканда капа болуп кеттим, анткени апам да оорукчан эле да.
— Кечир... Мен билген эмесмин.
— Сен кечирим сураба. Болгону ушундай...
Эртеси экөөбүз шаар четиндеги айылдагы чакан үйгө бардык. Дарбазадан кирер замат эле бул үйдөн жылуулук сезилип турду. Элдар эшикти акырын какты. Эшик ачылып, ак жоолук салынган, жүзүнөн мээрим төгүлгөн аял көрүндү.
— Келдиңби, балам? — деди ал Элдарды көрүп.
— Келдим, апа. Таанышып коюңуз, бул — Тамчы. Сизге айтпадым беле?
Мен акырын башымды ийип:
— Саламатсызбы, апа — дедим.
Ал мага көпкө чейин тигилип турду. Анан жылмайып, колумду акырын кармады.
— Сен экенсиң да. Келегой кызым...
Ошол сөздү укканда көзүмө жаш тегеренди. Анын алаканы ушунчалык жылуу экен. Көптөн бери өзүм да сагынган энелик мээримди ошол көз ирмемде сезгендей болдум. Апаларды көргөндө жүрөктө бир нерселер болот, эмне экенин жакшы билбейм.
Үйдүн ичине кирдик. Жупуну жасалгаланганы менен тыкан, таза үй экен. Дубалда илинип турган сүрөттөрдү карап жатып, жаш, сулуу аялдын сүрөтүнө көзүм түштү.
— Бул сизби? — деп сурадым.
— Ооба, кызым — деп жылмайды ал.
Мен сүрөттү карап туруп, Элдарды карадым.
— Эми түшүндүм...
— Эмнени? — деди Элдар.
— Сенин көздөрүң апаңа окшош экен.
Элдардын апасы көзүнө жаш алып мага жакындады.
— Кызым, кандай керемет жылуулук алып келдиң. Сени да мен көптөн бери билип, күтүп жүргөндөймүн.
Мен аны бекем кучактап алдым. Эмнегедир өзүмдү бул үйгө биринчи жолу келгендей эмес, көптөн бери ушул жерге таандык адамдай сезип турдум. Бир аздан кийин Элдардын апасы мени дасторконго чакырды. Самоордун буусу чыгып, жаңы демделген чайдын жыты үйдүн ичин каптап турду. Көмөч нан да көзүмө жылуу көрүндү. Эмнегедир өзүмдү мурда эле келип-кетип жүргөндөй эркин сезип калдым.
— Кызым, жаныма жакыныраак отурчу, менин көзүм бир аз начар көрөт — деди апасы жылмайып.
Мен анын жанына жакын отурдум.
- Менин атым Айым. Бул келишимдүү жигиттин апасымын! Элдар сен жөнүндө көп айтып берчү, бирок бүгүн гана өз көзүм менен көрүп жатам.
Жылмайып койдум.
— Жакшы сөздөрдү эле айткандыр деп үмүттөнөм. Жарым жылдан бери таанышпыз, терс сапаттарымды көрсөтө элекмин деп ойлойм.
Апасы акырын күлүп жиберди.
— Жок, жаман сөз айтпады. “Тамчы өтө өжөр, бир айтканынан кайтпайт. Бирок жүрөгү таза, эч кимди кыйын учурда таштабайт” деп көп айтчу.
Элдар ыңгайсыз боло түшүп:
— Апа...
— Эмне, жалган айттымбы? — деп апасы уулун тамашалап койду. Мен да күлүп жибердим.
— Демек, мени сырттан эле жакшы таанып калыпсыз да.
— Эне жүрөгү баарын сезет, кызым. Адамды көрбөй туруп эле анын кандай экенин баласынын сөзүнөн билсе болот.
Апасы мага чай куюп берип жатып айрым суроолорду берип жатты. Билими деле жок аял, бирок адамдын көңүлүн аябай кылдат карап анализдегенине таң калдым. Куду психологдун кабыл алуусунда отургандай сездим өзүмдү.
— Бала кезиң кандай өткөн? Эмнени жакшы көрөсүң? Эмнеден коркосуң? — деген сыяктуу суроолорду берип жатты.
Мен акырындык менен өзүм тууралуу айтып бере баштадым. Балалыгымды, жашоодо башымдан өткөн сыноолорду, жоготууларымды, кайрадан жашоого ишенүүгө аракет кылган күндөрүмдү айттым. Болгону Илим тууралуу айта албадым, ага болгон сезимдеримди бир адамга айтып берүүм мүмкүн эместей. Ал сөзүмдү бөлбөй, кунт коюп угуп отурду.
— Сен көп нерсени башыңдан өткөрүпсүң, кызым — деди ал акырын. — Бирок көзүңдөгү жылуулук өчпөптүр. Ошону сактап калганыңа сүйүндүм.
Анын сөздөрү жүрөгүмдү жылытты.
— Рахмат сизге! Мындай сөздү көптөн бери эч ким айткан эмес.
Ал колумду акырын кармады.
— Бүгүнтөн баштап бул үйгө конок болуп эмес, өз адамыбыз болуп кел. Эгер көңүлүң чөксө, сүйлөшкүң келсе же жөн гана чай ичип отургун келсе, эшигибиз сага дайыма ачык.
Көзүмө жаш тегеренди.
— Рахмат, апа...
Бул сөздү өзүм да байкабай айтып жибердим.
Ал мени мээримдүү карап, жылмайып койду.
— Ушул сөзүң мага жетиштүү болду, кызым. Менин да бир кызым болсо дал сендей болушун каалайт элем.
Ошол күндөн кийин Айым апам экөөбүздүн ортобуздагы тартынуу жоголду. Ар бир жолугушууда сааттап сүйлөшүп калчубуз. Ал мага өзүнүн жаштыгы, турмуштагы кубанычы менен кайгысы жөнүндө айтып берсе, мен ага өз жүрөгүмдөгү сырларды ишенип айта баштадым. Аз убакыттын ичинде эле мен үчүн ал Элдардын апасы эмес, өз энемдей болуп калды. Дем алыш күндөрү алардыкына көп келчүмүн. Ал жактырган таттуу шириндикти алып алар элем. Бир күнү экөөбүз короодо чай ичип отурдук. Элдар сырттагы иштер менен алек эле. Экөөбүз жалгыз калганда анын жүзүнө тигиле карадым.
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















