2026-2027-окуу жылындагы мектеп каникулдарынын графиги бекитилди

Кыргызстандын Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылына карата 11 жылдык билим берүү системасы жана этап-этабы менен 12 жылдык окууга өтүп жаткан класстар үчүн базистик окуу пландарын бекитти.
Ага ылайык, мектеп окуучулары төмөнкү график боюнча эс алышат:
- күзгү каникул – 2026-жылдын 11–15-ноябры (сабактар 16-ноябрда башталат);
- кышкы каникул – 2027-жылдын 1–10-январы (сабактар 11-январда уланат);
- жазгы каникул – 2027-жылдын 3–8-марты (сабактар 9-мартта башталат);
- Май майрамдарындагы эс алуу – 2027-жылдын 1–9-майы (сабактар 10-майда уланат).
Мындан тышкары, 1-класстын окуучулары үчүн каникул дагы эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары үчүн бир жумага узартылат.
Кошумча каникулдардын так мөөнөтүн аймактардын климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарын эске алуу менен райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү аныктайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















