Жөн гана эфир эмес: Beeline’дын 2026-жылдагы ДЧ чагылдыруусу — бул кандайча ишке ашты

2026 – жылдагы Дүйнө чемпионатын бүткүл планета көзөмөлдөп турду. Кыргызстандыктар үчүн башкы футбол мелдеши Beeline тарабынан жаңы санариптик мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен жакыныраак жана жеткиликтүү болуп калды.
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Beeline улуттук мобилдик оператору интернет жана мобилдик технологиялар аркылуу 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатты трансляциялоо медиаукуктарын алды. Бардык беттештер «Укмуш ТВ» тиркемесинде — смартфондордо, планшеттерде, компьютерлерде жана Smart TVде жеткиликтүү болду.
Футболдогу эң чоң иш-чарага Beeline ал башталгандан алда качан мурун даярданган. Долбоор беттештерди көрсөтүү менен гана чектелген жок. 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына карата Beeline «Кыргыз Спорт ТВ» телеканалы менен биргеликте атайын өзүнүн студиясын уюштуруп, ошондой эле толук тартуу жана трансляциялоо циклин жөнгө салган.
Эл аралык сигналды туруктуу кабыл алуу үчүн Сингапурдан уникалдуу спутниктик жабдуулар жеткирилди. Чемпионаттын 40 күнүндө ал мундиаль талаасынан так сүрөттөрдү жана сапаттуу түз эфирди камсыз кылды.
Ишке кесипкөй чыгармачыл топ тартылды: бродкаст-продюсер, түз эфир режиссерлору, операторлор жана кыргыз жана орус тилдеринде комментаторлор. Турнирди чагылдырууга эл аралык аудиториясы бар белгилүү футбол эксперти Нургүл Пирматова да кошулду.
Ар бир беттештин алдында аналитикалык студия иштеп жатты. Комментаторлор өткөн жолугушуулардын жыйынтыгын чыгарып, командалардын каталарын, ийгиликтерин жана кемчиликтерин талдап, футболчулардын карьералары жөнүндө айтып беришти, клубдардын жана курама командалардын тарыхын талкуулашты, ошондой эле алдыдагы оюндардын божомолдору менен бөлүшүштү. Мындай формат көрүүчүлөргө оюнга көз салууга гана эмес, чоң футболдун атмосферасына тереңирээк сүңгүп кирүүгө жардам берди.
Beeline «Укмуш ТВдагы» 2026-ДЧ берүүсүнүн башкы демөөрчүсү — ICON курулуш компаниясына, расмий демөөрчүлөр — «Элдик Банк» ААКына жана Retro Cola («Абдыш Ата» ЖЧК), ошондой эле өнөктөштөр — KGLOTO.com «Мамлекеттик лотереялык компаниясы» МИ расмий операторуна жана «Кыргыз Спорт ТВ» телеканалына ыраазычылык билдирет.
2026–ДЧ — «Укмуш ТВ» түз эфирди, пайдалуу санариптик функцияларды жана эксклюзивдүү медиаконтентти бириктирген дүйнөлүк масштабдагы окуялар үчүн ыңгайлуу аянтча экенин көрсөттү. Ошондой эле, анын кызмат мүмкүнчүлүктөрү спорттук берүүлөр менен эле чектелбейт: колдонуучуларга өз табитине ылайык, онлайн кинотеатрлар, тасмалар, сериалдар жана шоуларды камтыган 200гө чейинки телеканал жеткиликтүү.
Бардык кызыктуу нерселерди өткөрүп жибербөө үчүн, колдонмону App Store жана Google Play’ден жүктөп алыңыз. «Укмуш ТВ» менен сүйүктүү мазмун сиз кайда болсоңуз да, дайыма колуңузда.
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
КР МТжБМКсына караштуу МБАнын №15-1420-КР, №16-1526-КР уруксаттамалары, КР СӨМүнө караштуу МБАнын №21-0482-КР уруксаттамасы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















