Кыргызстандык волейболчу кыздар биринчи жолу Азия чемпиондугунун финалдык баскычына жолдомо алышты

Кыргызстандын кыз-келиндер арасындагы пляждык волейбол боюнча курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия чемпионатынын финалдык баскычына жолдомо алды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалды.
Учурда Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбор Азия волейбол конфедерациясынын (CAVA) чемпионаты өтүүдө. Анда Кыргызстандын намысын Огулай Кудайкулова менен Адина Маматжан кызы коргоп жатат.
Топтук баскычта кыргызстандык спортчулар Тажикстан жана Өзбекстандын курама командаларын жеңип, жарым финалга чыгышкан.
Жарым финалда алар Өзбекстандын дагы бир жуп командасын утуп, финалга жолдомо алышты. Чечүүчү беттеште дагы бир өзбекстандык жуп менен күч сынашат.
Бул ийгилик Кыргызстандын курама командасына 2-6-сентябрда Кытайдын Шанло шаарында өтө турган Азия чемпионатынын финалдык баскычына катышууга мүмкүнчүлүк берди.
Белгилей кетсек, Азия чемпионатынын жарым финалына чыккан командалар дүйнө чемпионатына жолдомо алышат. Ал эми турнирдин жеңүүчүсү 2028-жылы АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына түз жолдомо утат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















