Ачкарын кофе ичүү ден соолукка зыянбы?
Кофени ачкарын ичүү ашказанга сөзсүз зыян келтирет деген түшүнүк - кеңири тараган миф. Диетолог Александр Бурлаковдун айтымында, кофе туз кислотасынын бөлүнүшүн күчөтүшү мүмкүн, бирок бул дени сак адамдардын ашказанынын былжыр челине сөзсүз зыян келтирбейт.
Дарыгердин маалыматына караганда, изилдөөлөр кофе ичүү менен ашказан жана 12 эли ичегинин жарасынын, ошондой эле рефлюкс-эзофагиттин ортосунда түз байланыш бар экенин аныктаган эмес.
Бирок ашказаны сезгич адамдарда ачкарын кофе ичүү зарна же ичтин ыңгайсыздыгын жаратышы мүмкүн. Мындай учурда кофени тамактан кийин ичүү же анын көлөмүн азайтуу сунушталат.
Демек, ачкарын кофе ичүү баарына бирдей зыяндуу эмес. Организмдин реакциясына көңүл буруп, жагымсыз белгилер пайда болсо кофени тамактан кийин ичкен оң.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















