Бишкекте ири алдамчылыкка шектелип 20 жаштагы жигит кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, ал өзүн күч түзүмдөрүнүн кызматкери катары тааныштырып, жабырлануучунун кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















