Өлкөгө 1,4 миллион сомдук товарды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду
Өлкөгө 1 миллион 400 миң сомдук товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген жана үй буюмдарын жүктөгөн жүк ташуучу унаа текшерүүгө алынган. Натыйжада тиешелүү коштомо документтери жок алынып келген эл керектөөчү товарлар табылган.
Учурда бул факт боюнча мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон салыктарды өндүрүп алуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Өлкөгө 1,4 миллион сомдук товарларды мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















