Неймар Бразилиянын улуттук курамасы менен коштошконун жарыялады
34 жаштагы чабуулчу Неймар Бразилиянын улуттук курама командасындагы карьерасын аяктаганын билдирди.
Анын айтымында, ал курама үчүн болгон күчүн жумшап, тарыхта өз изин калтырды.
“Мен Бразилиянын формасын кийип ойногон ар бир көз ирмемден чоң бакыт алдым. Бул жылдары көп нерсени башымдан өткөрдүм, бардык күчүмдү, канымды жана жанымды сары форма үчүн арнадым. Бирок азыр кайра улуттук курамага кайтууну каалабай турганымды сезип жатам”,- деди Неймар чет элдик журналисттерге.
Неймар Бразилиянын тарыхындагы эң мыкты оюнчулардын бири катары улуттук курама менен узак жылдар бою ийгиликтүү оюн көрсөтүп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















